Критикалык кырдаалдарда эмне кылуу керек?

Негизги суроолорго жооптор

Өзгөчө кырдаал болгондо убакыт секунддар менен эсептелет. Төмөндө эң көп кездешкен жана кооптуу кырдаалдарда эмне кылуу керектиги боюнча кадамдык нускамалар берилет

Кан басым 200: Гипертониялык криз

Мындай көрсөткүчтөр мээнин жана жүрөктүн кан тамырларына өтө чоң күч келтирет

Тез жардам чакырыңыз, эгер:

  • кан басым катуу баш оору менен коштолсо
  • жүрөк айлануу болсо
  • көз алдында кара тактар көрүнүшү же көрүүнүн тумандашы
  • дем алуу: аба жетпей калуу же дем алуунун кыйындашы

Тез жардам келгенге чейин эмне кылуу керек:

  • Тынчтык. Бейтапты төшөккө жаткырып, баш жагына бийик жаздык коюу менен жарым отурган абалга келтириңиз Бул баш тарапка кан агымын азайтат
  • Таза аба. Бөлмөгө таза аба киргизиңиз, терезени ачып коюңуз. Кысылган кийимдерди чечип же бошотуңуз
  • Дары. Эгер адам гипертоник болуп, дарыгер мурда жазып берген болсо, шашылыш колдонулуучу дарысын берсеңиз болот (мисалы: Каптоприл же Моксонидин — тилдин астына)
  • Паника болбосун. Коркуу жана стресс кан басымды дагы көтөрөт. Терең жана жай дем алууга жардам бериңиз
Тыюу салынат:

Кан басымды өтө тез түшүрүүгө болбойт (бир саат ичинде баштапкы көрсөткүчтөн 20%дан көп эмес). Кан басымдын Өтө тез түшүрүү инсультка алып келиши мүмкүн

Жүрөктө катуу оору: Инфарктка шектенүү

Жүрөк туштагы оору көбүнчө төмөнкүдөй сезилет: кысуу же күйүү - көкүрөктүн ичи ачышып же кысылып жаткандай; оордук - «көкүрөктүн үстүнө оор таш коюлгандай» сезим

Дароо тез жардам
чакырыңыз, эгер
  • Оору эс алган абалда (тынч жатсаңыз да) кетпесе
  • Оору 5 мүнөттөн узакка созулса

Тез жардам келгенге чейин эмне кылуу керек:

  • Толук тынчтык. Кандайдыр бир физикалык кыймыл-аракетке катуу тыюу салынат. Бейтап дааратканага чейин баспашы керек — бул жүрөк булчуңдарына күч келтирип, абалды кескин начарлатат
  • Дененин абалы. Адамды жарым отурган абалда кармаңыз, Буттары тизеден бир аз бүгүлгөн болушу керек
  • Аспирин.Эгер аллергиясы жок болсо жана ашказан жарасы күчөп турган мезгил болбосо, 250–300 мг аспирин чайнатууга болот. Бул канды суюлтуп, өмүрдү сактап калышы мүмкүн
  • Нитроглицерин. Бул дары дарыгер мурда жазып берген учурда гана берилет. Кан басымы төмөн болсо, ал эсин жоготууга алып келиши мүмкүн
Тыюу салынат:
  • Ордунан турууга жана басууга
  • Тамеки тартуу
  • «Өзүнөн өзү өтүп кетет» деп күтүү
Температура 40: Күчтүү ысытма
Жогорку температура — организмдин коргонуу реакциясы. Бирок 40°C көрсөткүчү өзгөчө көзөмөлдү талап кылат
Тез жардам чакырыңыз, эгер:
  • Температура дары ичкенден кийин 1 сааттын ичинде такыр түшпөсө
  • Адамдын аң-сезими бузулса
  • Тырышуу (судороги): Денеси титиреп, булчуңдары карышып баштаса
  • Териде катуу исиркек (сыпь) пайда болсо
Тез жардам келгенге чейин эмне кылуу керек:
  • Ысытманы түшүрүүчү дары. Парацетамол же ибупрофен негизиндеги препарат бериңиз
  • Көп суюктук ичирүү. Жылуу (ысык эмес) суу же морс майда ууртамдар менен ичирип туруңуз
  • Физикалык муздатуу. Ашыкча кийимдерди чечиңиз. Терини бөлмө температурасындагы суу менен (болжол менен 30°C) сүртсө болот
Тыюу салынат:

Спирт же уксус менен сүртүүгө (тери аркылуу ууланууга алып келиши мүмкүн), адамды калың жуурканга ороп коюуга («тердесин» деп) — бул ысып кетүүгө жана ички органдардын кызып кетишине алып келет

Адам тумчугуп какалып калса: Геймлих ыкмасы
Эгер адам жөтөлүп жатса — жөтөлүүгө тоскоол болбоңуз, жөтөл дем алуу жолдорун тазалоого жардам берет. Бирок эгер адам: дем ала албай жатса, сүйлөй албай калса, моюнун колу менен кармап жатса, өңү көгөрүп же кубарып баштаса — анда дароо аракет кылуу керек
Эмне кылуу керек:

1. Жабыркаган адамдын артына туруңуз. Аны белинен колуңуз менен кучактаңыз

2. Бир колуңузду муштум кылып түйүңүз. Муштумду баш бармак жагы менен киндиктен бир аз жогору, кабыргалардын астына коюңуз

3. Экинчи колуңуз менен муштумду кармаңыз. Андан кийин кескин жана күчтүү кыймыл менен жогору жана өзүңүзгө карай тартыңыз, адамды көтөргөндөй аракет жасаңыз

4. Кайталаңыз. Бул кыймылды бөтөн зат сыртка чыгып кеткенче же адам эсин жоготконго чейин кайталаңыз

Маанилүү:
Эгер адам түз туруп турса, анын далысына уруу кооптуу — бөтөн зат дем алуу жолдоруна дагы терең кирип кетиши мүмкүн. Далыга уруу адам алдыга катуу эңкейген учурда гана мүмкүн
Күчтүү уулануу: «Жатып алсам өтөт» деген кооптуу ой
Бул төмөнкү учурларга тиешелүү: токтобогон кусуу, аң-сезимдин өзгөрүшү, адам уулуу затты же тиричилик химиясын жутуп алгандыгы белгилүү болсо
Дароо тез жардам чакырыңыз
Тез жардам келгенге чейин эмне кылуу керек:
  • Ашказанды жууш: эгер адам эсинде болсо - 3–4 стакан таза суу ичирип, андан кийин тилдин түбүн басып кусууну чакырыңыз. Бул аракетти чыккан суу тунук болгонго чейин кайталоого болот
  • Сорбент берүү: берсеңиз болот, активдештирилген көмүр: дене салмагынын ар бир 10 кг үчүн 1 таблетка же заманбап сорбент-гель препараттары
  • Дененин абалы (Коопсуздук): эгер кусуу болуп жатса, адамды катуу түрдө капталына жаткырыңыз. Бул кусундуга муунуп калуудан сактайт
  • «Далилдерди» сактаңыз: эгер уулануу төмөнкү нерселерден болсо: козу карын, дары-дармек, химиялык заттар — алардын таңгактарын же тамактын үлгүсүн сактап коюңуз. Бул дарыгерлерге туура антидотту тез тандоого жардам берет
Категориялык түрдө
тыюу салынат:
  • Кусууну чакырууга болбойт, эгер адам төмөнкүлөрдү жутуп алса: кислота, щелочь, бензин. Бул учурда кусуу кызыл өңгөчтү кайрадан күйгүзүп жибериши мүмкүн
  • Эсин жоготкон адамга кусууну чакырууга болбойт. Бул муунуп калууга алып келет
  • Кислотаны щелочь менен «нейтралдаштырууга» аракет кылбаңыз (мисалы, сода берүү). Ашказандын ичинде химиялык реакция болуп. Бул ашказандын дубалдарынын жарылып кетишине алып келиши мүмкүн

Бригада мүмкүн болушунча тез жетип келиши жана кырдаалга толук даяр болушу үчүн диспетчердин суроолоруна так жооп берүүңүздү өтүнөбүз:

Эмне болду?

Кыскача маалымат бериңиз:
мисалы, «жыгылып кетти, эс-учун жоготту» же «жүрөк тушунда катуу оору бар»

Ким ооруп жатат?

Бейтаптын жынысы жана болжолдуу жашы

Дарек

Шаар, көчө, үйдүн номери, подъезд, домофондун коду

жана кабат

Ким чакырып жатат?

Сиздин атыңыз жана байланыш телефонуңуз

Дарыгерлер келгенге чейин эмнелерди даярдоо керек?

Бейтаптын паспорту жана медициналык полиси

Бейтап дайыма ичип жүргөн дары-дармектердин тизмеси

Медициналык корутундулар, анализдер же выпискалар (эгерде мурда аныкталган өнөкөт оорулары болсо)

Ошондой эле бейтапка тоскоолдуксуз  жетүүгө шарт түзүңүз: үй жаныбарларын камап коюңуз жана мүмкүн болсо тез жардам унаасын көчөдөн же подъезддин жанынан тосуп алыңыз

Бишкектеги жеке тез жардам кызматы

OVISMED — Бишкек шаарындагы жеке тез медициналык жардам кызматы. Биз дарыгерди шашылыш чакыруу, бейтаптарды ташуу жана медициналык коштоо кызматтарын сунуштайбыз. Биздин тез жардам унаалары заманбап жабдуулар менен камсыздалган жана суткасына 24 саат чакырууларга чыгууга даяр

БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНДОРУ

1399, 1390

+996 (554) 548666, +996 (500) 548666

Made on
Tilda