Тез жардам келгенге чейин эмне кылуу керек?

Тез жардамды күтүп жаткан учур — эң узак жана тынчсыздандырган мүнөттөрдүн бири. Бирок дал ушул убакта сиз адамдын өмүрүн сактап калууда эң маанилүү ролду ойной аласыз. Сиздин негизги милдетиңиз — паникага алдырбай, так алгоритм боюнча аракет кылуу
Төмөндө дарыгерлер келгенге чейин эмне кылуу керектиги боюнча кадамдык көрсөтмө берилет:

Коопсуздукту жана кирүү мүмкүнчүлүгүн камсыз кылыңыз

Бейтапка жардам берүүдөн мурда өзүңүздүн коопсуздугуңузду текшериңиз (электр тогу, газ, агрессивдүү жаныбарлар ж.б.)

  • Эшикти ачыңыз. Эгер үйдө жалгыз болсоңуз, кире турган эшикти кулпулабай коюңуз. Мүмкүн болсо бирөөнү тез жардам унаасын подъезддин же дарбазанын жанынан тосуп алууга жибериңиз
  • Ашыкча нерселерди алып салыңыз. Үй жаныбарларын башка бөлмөгө киргизип коюңуз. Сумкаларды, бут кийимдерди же майда эмеректерди алып коюп, бейтапка өтүүчү жолду бошотуңуз. Дарыгерлерге носилка жана аппараттар үчүн орун керек болушу мүмкүн
  • Жарыкты күйгүзүңүз. Бөлмөдө жана коридордо мүмкүн болушунча жарыкты күчөтүңүз

Дененин туура жайгаштыруу

Адамдын абалына жараша анын денесин туура жайгаштыруу абдан маанилүү:

  • Инфарктка шек болсо: Бейтапты отургузуңуз же баш жагын жогору кылып жаткырыңыз. Буттарын тизеден бүгүңүз. Кийимдерин бошотуңуз- дем алууга тоскоол болгон нерселердин баарын: жакасын, курду, галстукту бошотуп же чечип салыңыз
  • Эс-учун жоготкон учурда (дем алуусу бар болсо): Бейтапты туруктуу каптал абалына жаткырыңыз. Дем алуу жолдорун коргоңуз: бул абал тилдин артка кетип, дем алуу жолун тосуп калышынан же кусундуга муунуп калуудан сактайт
  • Арка же моюн жаракаты болсо: жабыркаган адамды кыймылдатпаңыз!Туура эмес кыймыл шал болуп калууга алып келиши мүмкүн
  • Шок же чоң кан жоготуу болгондо: Бейтапты чалкасынан жаткырып, буттарын баш деңгээлинен жогору көтөрүп коюңуз. Бутунун астына жаздык же сумка коюуга болот

Дары-дармектер: кооптуу аймак

Дарыгер келгенге чейинки эң башкы эреже: эгер дарынын зарылдыгына 100% ишенбесеңиз, эч кандай таблетка бербеңиз

  • Бул эмне үчүн маанилүү? Кээ бир дарылар оорунун белгилерин өзгөртүп, дарыгерлерге туура диагноз коюуну кыйындатышы мүмкүн. Мисалы, ич ооруда берилген ооруну басаңдатуучу дары аппендициттин белгилерин жашырып коюшу мүмкүн

Өзгөчө учур: Эгер бейтап диабет же астма сыяктуу оорулар үчүн дайыма белгилүү дары ичип жүрсө жана ал эсинде болсо — анын адаттагы дозасын ичүүгө жардам берсеңиз болот

  • Тамак-аш жана суу бербеңиз. Айрыкча ич ооруп жатканда же операция болушу мүмкүн деген шек болсо — бул наркоз берүү процессин татаалдаштырышы мүмкүн

«Маалымат пакетин» даярдаңыз

Бригада келгенге чейин керектүү маалыматтарды даярдап коюңуз. Бул дарыгерлердин убактысын үнөмдөйт:

  • Документтер: Бейтаптын паспорту жана медициналык камсыздандыруу полиси (бар болсо)
  • Оорунун тарыхы: Ооруканадагы выпискалар, акыркы ЭКГ же анализдер
  • Дары-дармектер: Акыркы 24 саат ичинде кандай дары-дармектер кабыл алынганын жазып коюңуз
  • Аллергия: Бейтаптын дары-дармектерге аллергиясы бар-жогун тактаңыз (айрыкча антибиотиктерге же Лидокаинге)

Бейтаптын абалын көзөмөлдөңүз

Если бейтаптын абалы оор болсо, бейтапты жалгыз калтырбаңыз

  • Сүйлөшүп туруңуз. Эгер бейтап эсинде болсо, аны менен байланышта болуңуз. Бул адамды тынчтандырып, анын аң-сезимин байкоого жардам берет
  • Пульс жана дем алууну текшериңиз. Эгер дем алуу токтоп калса, дароо жүрөк-өпкө реанимациясын (жүрөктү тыштан массаж кылуу) баштаңыз. Диспетчер телефон аркылуу сизге реалдуу убакыт режиминде көрсөтмө бере алат

Эч качан жасабоо керек:

  • Нашатыр спиртин жыттатуу (дем алуу жолдорунун спазмын пайда кылышы мүмкүн)
  • Чыгып кеткен муундарды же сынган сөөктөрдү өз алдынча «салууга» аракет кылуу
  • Бейтапты жалгыз калтыруу
  • Эсинен танган адамдын бетине суу чачуу же чапкылоо кооптуу

Бригада мүмкүн болушунча тез жетип келиши жана кырдаалга толук даяр болушу үчүн диспетчердин суроолоруна так жооп берүүңүздү өтүнөбүз:

Эмне болду?

Кыскача маалымат бериңиз:
мисалы, «жыгылып кетти, эс-учун жоготту» же «жүрөк тушунда катуу оору бар»

Ким ооруп жатат?

Бейтаптын жынысы жана болжолдуу жашы

Дарек

Шаар, көчө, үйдүн номери, подъезд, домофондун коду

жана кабат

Ким чакырып жатат?

Сиздин атыңыз жана байланыш телефонуңуз

Дарыгерлер келгенге чейин эмнелерди даярдоо керек?

Бейтаптын паспорту жана медициналык полиси

Бейтап дайыма ичип жүргөн дары-дармектердин тизмеси

Медициналык корутундулар, анализдер же выпискалар (эгерде мурда аныкталган өнөкөт оорулары болсо)

Ошондой эле бейтапка тоскоолдуксуз  жетүүгө шарт түзүңүз: үй жаныбарларын камап коюңуз жана мүмкүн болсо тез жардам унаасын көчөдөн же подъезддин жанынан тосуп алыңыз

Бишкектеги жеке тез жардам кызматы

OVISMED — Бишкек шаарындагы жеке тез медициналык жардам кызматы. Биз дарыгерди шашылыш чакыруу, бейтаптарды ташуу жана медициналык коштоо кызматтарын сунуштайбыз. Биздин тез жардам унаалары заманбап жабдуулар менен камсыздалган жана суткасына 24 саат чакырууларга чыгууга даяр

БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНДОРУ

1399, 1390

+996 (554) 548666, +996 (500) 548666

Made on
Tilda