ЗАМАНБАП ТЕЗ ЖАРДАМ УНААЛАРЫ

«OVISMED» жеке тез жардам кызматынын бригадалары толук жабдылган реанимациялык унаалар менен чыгышат. Ар бир унаа жолдо да, чакыруу болгон жерде да медициналык жардам көрсөтүү үчүн керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган

Биздин автопарк

OVISMED жеке тез жардам кызматынын бригадалары толук жабдылган реанимобилдер менен иштейт

Ар бир унаа жолдо жана чакыруу болгон жерде медициналык жардам көрсөтүүгө ылайыкталган медициналык жабдуулар менен жабдылган

Реанимациялык унаанын жабдылышы

Тез жардам унаалары шашылыш учурларда медициналык жардам көрсөтүү үчүн бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган

Жабдуулардын курамына төмөнкүлөр кирет:

  • кесиптик медициналык замбилдер
  • бейтапты ташуу системалары
  • кычкылтек менен камсыздоо жабдыктары
  • реанимациялык жабдыктар
  • бейтаптын абалын көзөмөлдөөчү мониторинг системалары
  • медициналык топтомдор жана дары-дармектер
  • жолдо медициналык жардам көрсөтүүчү жабдыктар

Бардык унаалар үзгүлтүксүз техникалык тейлөөдөн өтүп турат жана, санитардык тазалоо жүргүзүлөт

Бейтаптын коопсуздугу жана ыңгайлуулугу

Унаанын ички бөлүгү бейтапты ташуу учурунда максималдуу коопсуздукту камсыз кылуу үчүн атайын иштелип чыккан

Унаанын ичинде төмөнкүлөр каралган:

  • носилкаларды бекитүүнүн ишенимдүү системасы
  • дарыгердин иштөөсү үчүн атайын орун
  • медициналык жарыктандыруу
  • кычкылтек берүү системалары
  • жолдо медициналык жардам көрсөтүүчү жабдуулар

Бул дарыгерлерге унаа кыймылда болуп турган учурда да бейтаптын абалын көзөмөлдөп, ыкчам жардам көрсөтүүгө мүмкүнчүлүк берет

Биздин кызматтар

  • Клиникалар ортосунда бейтаптарды ташуу

    Биз бейтаптарды бир клиникадан экинчисине коопсуз ташууну уюштурабыз. Ташуу медициналык жабдуулар менен жабдылган атайын тез жардам унааларында жана медициналык кызматкерлердин коштоосунда жүргүзүлөт

  • Медициналык коштоо

    Сапарларда, иш-чараларда же бейтаптарды ташууда медициналык коштоо кызматын көрсөтөбүз. Дарыгер же фельдшер бейтаптын абалын көзөмөлдөп, зарыл болгон учурда медициналык жардам көрсөтөт

  • Төшөктө жаткан бейтаптарды ташуу

    Биз атайын медициналык замбилдерди жана жабдыктарды колдонуу менен төшөктө жаткан бейтаптарды коопсуз ташууну уюштурабыз.. Ташуу процесси бейтап үчүн максималдуу түрдө этияттык менен жана коопсуздукта жүргүзүлөт

  • Чакыруу болгон жерде жардам көрсөтүү

    Медициналык бригада чакыруу болгон жерде бейтапты текшерип, анын абалын турукташтырып, зарыл болсо андан аркы госпитализациялоо  тууралуу чечим кабыл алат

Эмне үчүн бизди тандашат?

  • Заманбап тез жардам унаалары

  • Тажрыйбалуу дарыгерлер

  • Транспортировка учурунда үзгүлтүксүз медициналык жардам

  • 24/7 күнү-түнү кызматта

  • Бишкек шаары боюнча тез чыгуу

Бишкектеги жеке тез жардам кызматы

OVISMED — Бишкек шаарындагы жеке тез медициналык жардам кызматы. Биз дарыгерди шашылыш чакыруу, бейтаптарды ташуу жана медициналык коштоо кызматтарын сунуштайбыз. Биздин тез жардам унаалары заманбап жабдуулар менен камсыздалган жана суткасына 24 саат чакырууларга чыгууга даяр

БАЙЛАНЫШ ТЕЛЕФОНДОРУ

1399, 1390

+996 (554) 548666, +996 (500) 548666

Made on
Tilda